www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчаткада катуу жер титирөө болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Дубалдардын шыбагы түшүп, кээ бир имараттардан жарака кеткени боюнча маалыматтар бар", — деди ӨКМдин Камчатка крайы боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Юрий Карташев.
Имараттарды изилдөө иштери уланып жатат.
Соцтармакка тараган видеодон аймактагы ооруканалардын биринин дубалдарынан жарака кеткенин көрүүгө болот. Андагы жазууга караганда, кадр шаардык балдар бейтапканасында тартылган.
"Катуу, абдан катуу болду. Мурда мындай болгон эмес", — деп кадрдын сыртындагы адам айтып жатканын угууга болот.
Аймактын губернатору Владимир Солодов көпчүлүк имараттардын шыбагы түшүп, плиталар кулаганын Telegram-каналына жазды.
"Петропавловск-Камчатскийдеги имараттардын биринен бетондун сыныктары кулаган. Бактыга жараша, эч кимге тийген эмес", — деп айтылат маалыматта.
Россия илимдер академиясынын Геофизикалык кызматынын Камчаткадагы филиалынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн магнитудасы 6,9га жеткен. Эпиборбору Петропавловск-Камчатскийден 48 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тереңдиги 99,5 чакырымга жетет.
Булак: NazarNews.kg