www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Жапаров 1-апрелде, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин текшерип, Нариман Түлеев тарабынан Бишкек шаарынын мэри болуп турганда сатылып алынган, кийин дээрлик баары талкаланып, жараксыз болгон автобустарды металлоломго өткөрүп жок кылуу тапшырмасын бергенин бийликтин пиар-троллдору коомдо болуп көрбөгөндөй укмуш иш катары даңазалашты.
Маалым болгондой, Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, жакын арада шаардын муктаждыктары үчүн жаңы 1000 автобус алынат экен. Ошого орун бошотулуп жатыптыр.
Арийне, шаардыктарды транспорт менен камсыз кылалы деген аракет алкоого арзырлык жакшы кадам.
Бирок бир маселеге маани берүү абзел. Жанагы чириген автобустарды металлоломго өткөрүү үчүн сөссүз президент ошол жерге барып, тапшырма бериш керекпи? Мындай майда иштерге чейин президент өзү чуркап барып айтмайын, тиешелүү жетекчилер иш кылбай саботаж жасап отура беришеби? Президент кайсынысына түтөт? Эмнеге жетишет? Майда иштер менен алек болуп жүрсө, маанилүү иштерге убактысы калабы?
Мына учурда Бишкекте таштанды чыкпай чирип жаткан учурлар арбын. Эми президент ошолорду текшерип айтып башташы керекпи? Бюджеттин акчасын кемирген мэрия, мамлекеттик институттар, жергиликтүү бийлик өз алдынча иштебесе, аларды кармап эмне кереги бар?
Айткандай, эми бул металоломдун акчасы кимдин чөнтөгүнө түшөт болду экен?
Булак: NazarNews.kg