www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыда Борбор Азия өлкөлөрү үчүн долбоордук кеңсе түзүүнү жана 2026-жылы Казакстанда БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу астында Регионалдык климаттык саммитти өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Акорда билдирди.
"Биздин аймактын эки чоң дарыя - Сырдарыяда жана Аму-Дарыяда суунун деңгээли 2050-жылга чейин болжол менен 15% азаят. Аймакта экологиялык катастрофанын алдын алуу үчүн биз Аралды куткаруунун эл аралык фондун колдоого көбүрөөк каражат бөлүүгө чакырабыз. Суу маселеси жана климаттын өзгөрүүсү тыгыз байланышта. Борбордук Азия - бул суу коопсуздугу тыгыз кызматташуу жана натыйжалуу тандалган биргелешкен чаралар аркылуу гана ишке ашуучу аймак", - деди президент 8-июнда Астана эл аралык форумунда сүйлөп жатып.
Токаев мөңгүлөрдүн үстү буга чейин 30% азайганын эске салды. Ал ошондой эле, Казакстан жашыл экономиканын эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, энергиянын кайра жаралуучу борбору боло алаарын белгилеп кетти.
"Бирок, убакыт биз тарапта эмес. Декарбонизация жана жашыл экономиканы бизге керектүү ылдамдыкта куруу үчүн Астанадагы эл аралык форумда ресурстар жана өнөктөштүк керек. Глобалдык климаттык өзгөчө кырдаал биздин өз ара көз карандылыгыбыздын жана жалпы тагдырыбыздын эң ачык мисалы болуп саналат. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бири-бирибиз менен байланыштабыз. Бул чындыкты эске алганда, биргелешип иштөөнү чечкендер ийгиликке жетет", - деди Касым-Жомарт Токаев.
Мамлекет башчысы көп тараптуу мамиленин негизинде турган БУУнун принциптери жана баалуулуктары бул көйгөйдү чечүүнүн эң натыйжалуу гана эмес, жалгыз жол экенин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg