www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров элди салык менен кысып, жүдөтүп бүттү. Карапайым калк кымбатчылыктан баш көтөрө албай каржалып калды. Акылбек мырза казынаны элдин жонунан кайыш тилип, салык менен толтурганды артыкчылыктуу багыт санаса, мындай темп менен алыска узабайт. Эл мындай мыйзамдуу "каракчылыкка" чыдашы кыйын. Басым, кысымдын аягы, социалдык жарылууга жеткирет.

Арийне, Акылбек Жапаров мактаныч кылып, "жубайым 1,2 миллиард сом салык төлөдү" дегенди айтып жатканы эситңрдеби? Ушул айткан сөзүнө өзү түшүндү бекен. 

Сыягы, "мен өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп байыган жокмун, аялым ишкер" дегенди кыйытты окшойт. Бирок, чылпагын алам деп көзүн чукуп алгандай болгон.

Дегенибиз, өлкөнү башкарган экинин бири болгон адамдын эң жакын туугандары, жубайы миллиарддаган сом киреше көргөн ишкерлик менен алектенип жатканы кандай? Мындай кыраакы адамга кызыкчылыктардын кагылышы орун алып жаткандай. Себеп дегенде, аялынын бизнесин калкалап, жең ичинен мыйзамды буйтап өткөн иштерди жасабайт дегенге эч ким кепилдик бере албайт.

Арийне, Акылбек Жапаровдун келинчеги салыка эле 1 млрд 200 млн сом төлөсө, баардык "товар обороту" млрддарды чапчыган бизнес да. Эгер, салыкты төлөбөй жүрүп көбөйүп кетсе, эмнеге төлөбөй жүрдү, өзгөчөбү?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости