www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Айбек Жунушалиев экинчи ирет Бишкек мэри болду. Алгач иштей албай сынга кабылып, жумуш которгону эсибизде. Башка кадр табылбай, бийликте көйгөй жаралып атабы?..

Айылчы Сарыбаев, профессор: -- Бул жигиттин ким экенин, кайдан келгенин, кимдин кадры экенин билбейт экемин. Азыр “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” мезгили да. Кадр боюнча эч ким эч кимге отчёт берүүгө милдеттүү эмес. Мыйзамыбыз ошондой.

Мамытбай Салымбеков, экс-депутат: -- Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, кадр портфелибиз жок да. Бүт эле куда-сөөк, тууган-урук, дос-тамыр болуп кетти окшойт...

Айбек Жунушалиевдин кайрадан мэр болушунун жандырмагы Бишкек шаарына Айбек Жунушалиев экинчи ирет мэр болуп дайындалды. Коомчулукта бул боюнча талкуулар жүрүп атат. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин мэрлик кызматка улам бири келип, иштей албай кетип турушкан. Ошол сүрмө топтун арасында Айбек Жунушалиев да бар эле. Милдетин жетиштүү деңгээлде аткара албай, башка кызматка которулуп кеткен. Үч айдан ашык иштесе керек. Эми кайрадан Бишкек мэрлигине келип калганы түшүнүксүз ой-түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Негизи бул кызматка терең тажрыйбалуу, дасыккан жетекчи келиши керек. Улам эле үйрөнчүк, же дарамети жетишсиздер келе беришип, борбор шаарды да артка тартып бүтүштү. Сыягы, Айбек Жунушалиевдин кайра кайтып келгенине караганда, бийликте кадр саясатынын таңкыстыгы бар окшойт. Дагы бир өңүтүнөн алганда, жерлиги чүйлүгүнө карап бааландыбы? Жогорку кызмат орундарында Сары Өзөндөн сейрек эмеспи?..

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Последние новости