www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хамас блокададагы Газага атомдук бомба таштоо ыктымалдыгы тууралуу сөз кылган Израилдин ашкере улутчул мурастар министри Амихай Элияхунун билдирүүсүн «Израиль өкмөтүнүн террорун чагылдырат» деп мүнөздөдү. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Хамастын басма сөз катчысы Хазим Касым билдирүүсүндө «Газага атомдук бомба таштоо ыктымалдыктардын бири» деп айткан Израилдин министри Элияхуга каршы чыкты.

Элияхунун сөздөрү тууралуу Касым : «Бул билдирүүлөр фашисттик Израиль өкмөтү ишке ашырган террорун чагылдырат жана Газага жасалган геноциддин масштабын ачыкка чыгарат»,-деди.

Касым, бул билдирүүлөрдүн кээ бир өлкөлөрдүн, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Израилге берген толук колдоосунан келип чыкканына көңүл бурду.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, эл аралык коомчулукка, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана эл аралык сотторго кайрылып, бул министр жана башка Израилдик жооптуу кызматкерлердин билдирүүлөрүнүн олуттуу каралышын жана Газада жасалган геноцидди токтотуу үчүн керектүү кадамдардын ташталышын суранды.

Билдирүүдө эл аралык коомчулуктун унчукпай калышы «канкор террористтерди кыргын жана геноцид жасоого шыктандырганы» белгиленген.

Исламий Жихад Кыймылы тараткан билдирүүдө да Израиль армиясынын Израил министринин айткандарын акырындык менен ишке ашыра баштаганы баса белгиленип: «Бардык далилдер алар жасаган кылмыштын жана геноциддин көлөмүн көрсөтүүдө»,-деди.

Ашыкча улутчул Израилдин министри Элияху радио программасында өзөктүк бомбаларды колдонуу Газа үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн бири экенин айтты.

Бул билдирүүдөн кийин премьер-министр Биньямин Нетаньяху Элияхуну өкмөт жыйындарынан белгисиз мөөнөткө четтетти.

Мурдагы премьер-министр Яир Лапид Нетаньяхуну Элияхуну кызматтан алууга чакырды.

Газа тилкеси тууралуу чуулгандуу сөздөрүнө болгон реакциялардан кийин Элияху бир кадам артка чегинди жана өзөктүк бомба жөнүндөгү билдирүүсүн «метафоралык» болчу деп жактады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости