www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, татыктуулар түрмөдө, же саясаттан сырткары жүргөндө Нурланбек Шакиев парламенттин спикери катары иштеп атат.

Ар бир бийликтин тушундагы Жогорку Кеңешти мисал кылсак, дайыма ортозаар депутаттар төргө чыгып келиптир. Төрага кейиптенип. “Пластинканы” артка түрдүрүп көргүлө.

Эстедиңерби? Курманбек Бакиевдин кандуу режиминдеги Айтибай Тагаевдин көтөрүлгөнүн, андан берки “кашкалдактарды” айтпай эле коёлу. Жашоонун жасалма мыйзамы ушундай тура. Адамдын көзү эч нерсеге тойбойт эмеспи, өзгөчө саясый амбициянын чеги жок.

Маселен, Нурланбек Шакиев төрага болгонуна алымсынбай, кийинки президенттик шайлоодо атсалыша турганын, оомат оосо кыргыз элин башкарарын кыялданган кербезиби? Анын жакын адамдары бекер жерден ажо болорун айтышып, делбектеп жатышпаса керек. Ошондо Шакиев назилинде Ташиевге каршы чыгып, так талашып, оппонент болобу? Саясаттын азгырыгы деги эмнеге алып барбайт? Көрө жаталы.

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Последние новости