www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүүгө жардам берген экинчи милиция кызматкери көз жумду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев 30 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Артында 2 уул, 1 кызы калды.

Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн, Ноокат РИИБде, Ош ОИИБде кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп, эмгектенип келген.

Буга чейин Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында дал ошол өрттөн күйүк алып, каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости