www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кабулдун жашоочулары өлкөдөн чыгып кетишүүдө

Ооганстандын баш калаасы Кабулдун жашоочулары акыркы эвакуациялык авиарейстер менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көрүүдө. Аба майданда болуп жаткан көрүнүш социалдык тармактарга жарыяланды.

Кабулда миңдеген жарандар чет өлкөгө чыгып кетүү үмүтү менен аэропортко агылып келген. Бардыгы учакка отурууга жанталашып, ызы-чуу салууда. Бирок бүгүнкү күндө коммерциялык каттамдардын бардыгы ишин токтоткону айтылды.

Ал эми видеодон адамдар туш-тараптан учактын бортуна кирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

“Аэропортто аткаминерлер жана саясатчылар үчүн учак билеттери жашыруун түрдө берилип жатат деген ушак тарагандан кийин жарандар арасында ызы-чуу башталды. Бирок мен башкалар сыяктуу эле кезек күтүп турган бир канча депутаттарды, министрдин орун басарларын, ошондой эле белгилүү адамдарды көрдүм. Биз дээрлик 8 сааттай күттүк. Бирок бара-бара аэропорттун кызматкерлери кете башташты. Алгач каттоо жүргүзгөн орундарынан, андан соң паспортторду текшерүүдөн өткөрүүчү жайлардан. Ар кандай ушактардан улам ызы-чуулар күчөй баштады. Андан кийин жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгү учак конуучу тарапка чуркап жөнөштү. Паспорт текшерүүчү жайларда эч ким жок калган. Өткөрмө пункттарындагы тосмолор талкаланды. Эч кандай жүк текшерүү болгон жок. Адамдар акыркы учакты көздөй жүгүрө башташты. Жарандар учууга аракет кылган бир каттам бар болчу. Биз учуу-конуу тилкесинен анча алыс эмес жердеги учактардын канатынын астында “орун жетип калар” деген үмүт менен отурган көптөгөн адамдарды көрдүк. Адамдар нес болуп калышты. Бир учактан экинчисине чуркай башташты”, – деп билдирген окуянын күбөсү.

Эске салсак, “Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы президенттик сарайды кечээ кечинде ээлеп алды. Президент Ашраф Гани бийлигин алдыргандан кийин өлкөдө чыгып кетти. Ал алгач Тажикстандын борбору Душанбеге барганы, кийин ал жерден башка жакка жөнөп кеткени, кайсы жер экени так айтылбай жатканы кабарланды. Ооганстандагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өз жарандарын чыгарып кетүүдө. Ашраф Гани Facebook баракчасы аркылуу кан төгүүгө жол бербеш үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости