www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин «Азия-Ньюс» гезити менен тыгыз байланышта болуп келе жаткан коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков 3-март күнү 66 жашка толду. Экс-вице-премьер- министр агабызга бекем ден-соолук, узак өмүр, көптөгөн жакшылыктарды каалап, биздин жамааттын куттуктоосу катары ал жөнүндө айрым пикирлерди жарыялоону туура көрдүк.

Качкынбай Кадыркулов, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер: «Постсоветтик өлкөлөрдүн биринде да Талгарбековдой айыл чарба реформатору чыкпады»

Мен айыл чарба адиси катары бир-эки мисал келтирейин. СССР кезинде, Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздоруна жылына Союздан орточо 6,5 млрд рубль дотация (кайтарылгыс акча жана каражат) берилип турчу. Ал эми 1992-жыл (эгемен Кыргызстан) көрсөткөндөй, республиканын бюджетинин кирешеси 2,1 млрд рубль экен, б.а. Союздун биздин колхоз-совхоздорго берип турчу дотациясы өзүбүздүн жалпы кирешебизден үч эсе көп болгон. Эми элестетели, эгер бизде агрардык реформа болбогондо, анда азыр өкмөтүбүз айыл чарбасына жылына 450 млрд сом дотация берип туруш керек эле! (2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү – 148 млрд сом). Учурда кыргыздын эркин дыйкандары бир сом дотация албайт эмеспи!

Экинчи мисал. 90-жылдары бир баш койдун базар баасы орточо бир миң рубль, ал эми аны колхоз-совхоздордо бакканга кеткен чыгым төрт миң рубль болгон. Ошондой абалды түшүнгөн адам барбы? Болбой эле жер тепкилеп, айрымдардын «Талгарбеков колхоз-совхоздорду талкалаган» дегендерине таң каласың. Эмне, колхоз-совхоз айнекпи, «талкалап» салгандай?

Тескерисинче, Талгарбеков жүргүзгөн айыл реформасы кыргыз элин ошондогу апааттан аман-эсен сууруп чыкты. Он-жүз миңдеген эркин дыйкандардын катмары пайда болуп, алар оор сынактан өтүшүп, өздөрүн, үй-бүлөсүн гана эмес, Ата-мекенибизди сактап калышты. Ошол тарыхий өзгөрүүлөрдүн башында Бекболот Талгарбеков турду. Ал эл-журттун келечеги үчүн баарына кайыл болуп, башын байлап, жанын үрөп иштеп берди. Постсоветтик өлкөлөрдө Талгарбековдой бир да реформатор болбоду.

Последние новости