www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-мартка караган түнү саат 01:38 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Логвиненко көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирде үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээси — 1992-жылы туулган М.К. (аял киши) мурдагы жолдошу мас абалында үйүнө кирип, күч колдонуп уруп, бычак менен коркутканын айтты. Кайгуулчулар тарабынан көп узабай 1988-жылы туулган К.М. кармалып, Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына берилген. Ээнбаштык боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости