www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев («Республика — Ата Журт») учурда Кыргызстанда эмес» деди, депутат Дастан Бекешев. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору каралган парламенттик жыйында айтылды.

Анын айтымында, документке айрым депутаттар 2 жолу кол койгон.

«Максат Сабиров мандатын тапшырган, Алмазбек Акматов көз жумду, Алиярбек Абжалиев азыр Кыргызстанда эмес, Шаршенбек Абдыкеримов жок, Кубанычбек Жумалиев абакта. Мүмкүн ошол жактан кол койгон», - деди депутат.

Ал эми төрага Талант Мамытов хронология алмашып жатканын айтып жооп берди.

«Конституция демилгеленгенде, бул депутаттар биздин арабызда болчу», - деди төрага.

Депутат Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости