www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин «Азия-Ньюс» гезити менен тыгыз байланышта болуп келе жаткан коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков 3-март күнү 66 жашка толду. Экс-вице-премьер- министр агабызга бекем ден-соолук, узак өмүр, көптөгөн жакшылыктарды каалап, биздин жамааттын куттуктоосу катары ал жөнүндө айрым пикирлерди жарыялоону туура көрдүк.

Сапар Орозбаков, көз карандысыз экономист: «Талгарбековго эстелик тургузуш керек!»

«Айыл чарбасын кыйраткан» деп түшүнбөгөндөр тарабынан күнөөлөнүп келген экс-министр Бекболот Талгарбековдун иш-аракети учурунда абдан туура болгон. Аны күнөөлөбөй, тескерисинче, ага эстелик коюш керек. Эгер ал колхоз, совхоздорду реформа кылбаганда алардан эч мүлк, байлык калмак эмес.

Салыштырсак, өнөр жайыбыздан бирдеме калдыбы? Завод-фабрикалардын баары уурдалып-тонолуп, жок болбодубу! Ал эми эркиндик, менчик жолуна түшкөн майда дыйкан чарбалар алгачкы өсүштү камсыз кылганын, эгемен өлкөбүздү сактап калганын кантип айтпай коё алабыз?

 

Последние новости