www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз Кыргыз болгонубузга сыймыктанабыз, биз Кыргыз уулу эл болуп келгенибизге сыймыктанабыз. Уулу элибизди сактай билсек атуулдук эмеспи. Эгемендуу мамлекет болгондон бери, демократиянын шарданы менен динди эркин тутуп, байыркы замандан бери Ата Бабабыз мусулман динин тутуп келебиз. Ошону менен бирге динибизди таза жол менен АЛЛАныны урматтасак, өзүбүздү таза алып жүрсөк деген ниет. Себеби жаман адат, динди акча табуу инструмент катары колдонгондо ар момун мусулмандын көңүлүнө жаман таасир берет эмеспи. Бизде андайлар дагы жок эмес. Мурунку муфтийлердин терс таасири эл арасында сынга алынып, “молдонун айтканын кыл, бирок кылганын кылба” деп келишет. Билип туруп үн катпай койсо, АЛЛАнын астында чоң күнөө дегенден кийин макала жазууга туура келди.

Маалымат желе ресурстары жакшы жана терс көрүнүштөрдөн астын ала сактана билсек. Анткени бардык жат нерселер акыркы убакта билимдин тайкысынан, мусулман фанаттардан адамзатка коркунуч жаратканы жалган эмес. Кыргызстанга дагы акырындык менен ар кайсы радикалдуу багыттагы мусулман динчилер кирди. Радикалдуу багыттагы мусулман топторго аёсуз курөш жүргүзбөсөк согуш таласына айланып калууга коркунуч бар. Момун мусулмандарга малымат иретинде, дин жаатында ал акыбалыбыз дагы деле жарытылуу арыш ташталбай келет. Көлөкөдө мыйзамсыз иштер болуп жатат. Мисалы 2014-жылы 3-марта өткөн Кыргызстан Мусулмандарынын 5-кезексиз курултайында шайланган Токтомушов Максатбек ажы келгенинде көпчүлүк момун мусулмандар сүйүнүч менен кабыл алган. Ал эмес ири реформага барат деген үмүт кылган элек, бирок реформа үмүт бойдон калды. Токтомушов Максатбек ажы Азрети Муфтий болгондон бери көңүл жылытарлык иш кынган жок. Ал эмес Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин указын аткарылбай, бир далай олуттуу кемчиликтерди кетирип келет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 7.02.2014-жылы Коргоо Кеңешинин чечимин аткаруу боюнча Указ жарыяланган, анда 19-беренесинин 1-бөлүгүндө Алымдар кеңеши жана Ревизиялык комиссиянын өз алдынча көз карандысыздыгын, КМДБнын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү указы кабыл алынган. Бирок президентин жарлыгы күнү бүгүнкүгө чейин аткарылбай келет. Ал эмес Максат Ажы Толомушов дин комициясын оозун басып акыры дин комициянын жетекчиси  Орозбек Молдалиевди жана Бакыт Осмоновду мурунку менин жазган макаламдын кесепети менен бей күнөөсүз жерден Атамбаев экөөнү кызматтан алып түшкөн. Азирети Муфтий Максат ажы ушу тапка чейин президенттин жарлыгы  карама-каршы БТК жана Алымдар кеңешин толугу менен өзүнө көз каранды кылып алганы жалган эмес. Президенттин указы кагаз түрүндө калганын президенттин аппарат кызматы бир дагы текшербегени  өкнүчтүү.

Мунусу аз келгенсип ушул эле жарлыкта көрсөтүлгөн дин кызмат штатындагы молдокердин билим сыноо аттестатциялоону өз билгендей өткөзүп, нараазычылык жаратууда. Каршы чыкандарды же жакпаган молдокелерди аттестатцияга жолотпой өзүнө керектүү адамдарынан колдоо көргөзүп келүүдө. Аттестатциялык комиссиянын чечимин карабай өз билемдик кылып келет. Аттестатциялык комиссиянын жобосуна ылайык, ар бир белетте 4 суроодон турат. Суроого толук жооп берсе эң жогорку 20 балл берилет. Аттестатциядан өтүш үчүн 17 баллдан 20 баллга чейин алыш керек ал эми 12 баллдан 16 балга чейин алган кызматкер ишин жакшыртып жана аттестатциялык комиссиянын сунуштарын аткарса 1-жылдан кийин аттестатция кайта өтөт деп жобо жазылган 26.11.2014. КМДБ кызматкерлеринин аттестатциялоо комиссиянын №5 протоколунун токтому боюнча бардык казылар, казылардыын орун басарыларын, жогорку диний билимду жана ошондой эле светтик жогорку билимдүү болушун талап кылат. Светтик билими жок болсо,  КМДБнын уставына ылайык кызмат ордуна ылайык келбейт деп жазылып турат. Ага карабастан Ош шарынын казысы Сарыбаев Убайдула ошондой эле бардык областык казылардын светтик билими жок болсо дагы Муфтийди колдоо көргөзгөн үчүн бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жататышат. Ушул эле комиссиянын № 4 протоколу Муфтияттын кызматкерлерин аттестатциялоо боюнча Назылбеков Талай курулуш бөлүмүнүн адиси 12 бал алган үчүн кайра бир жылдан кийин аттестацияга киресин дешкен эле. Бирок аттестатциядан өтпөй калган Назылбеков Талай бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Абдылдаев Жолдош 13 балл алып бир жылдан кийинки аттестатцияга калган. Бир жылдан кийин  аттестатция өтмөк турсун Ажы Умра бөлүм башчысы болуп дайындалып бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Мындай мыйзамсыз Максат Ажынын кадамдары жөнүндө көп жолу жазылган, өзүнүн кошелёгу болгон Бекиев Женишти кылмыш жобуна бир нече жолу тартылганына карабастан, аттестатциядан өтпөй КМДБнын башкы бухгалтер кызматты аркалап, колтийбес эрке балага айланып, акчага киринип жүргөн чагы. Дагы бир Кара-Кулжалык Максат Ажынын жердеши, Алимбай Эргешовди мурунку Бакыт Нурдиновду эч себепсиз аттестатцияга жолотпой туруп кызмат орунун жойюп, 80 миң сом акча компенсанция ага төлөп кызматтан кетирген эле. Бир аз убакыт өткөрүп кайра эле баягы Бакыт Нурдиновдүн ордун Эргешевке ыйгарган. Муфтиятын кол тийбес эрке балдарынын бири болуп Момунов Султан ажы Муфтиятын кассасында кассир болуп эң майлуу сүттү кызматта иштеп келет. Момунов Султандын иши боюнча БТКнын 14.03.2014-жылы текшерүүнүн жыйынтыктарына ылайык 12 миллион 781мин 60 сом акча-каражатын өз билемдикке салып чыгыштап салган. Чыгаштаган ведомостторунда бир дагы муфтийдин жана башка жетекчилердин жазуу уруксаты жок чыгыштаган. Көзөмөлсүз акчанын ичинде бир дагы авансалык отчёту жок 3 035 569 сом каражаты чыгымдалган жана карызга убактылуу кассадан 417 000 сом берилгендиги анык болгон  бул одоно финансылык бузуулардан тышкары 2012-жылы 1-июндагы текшерүү учурунда 3 581 доллар кассага кириштелбегени аныкталып, ал акчаны эки жылдан кийин текшерүүнүн натыжасында кассага кириштелген. С Момунов тарабынан көрсөтүлгөн суммаларды өндүрүүгө Муфтий тарабынан эч кандай аракет кылган эмес. Аттестатциялык комиссиянын чечими боюнча С Момуновду БТКнын актысынын негизинде иши такталып аттестатцияга киргизилбесин деп бир добуштан бүтүм чыгаргандыгына карабастан бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.  Жогорудагы айтылган маалыматын бардыгы Токтомушев Максат ажынын ишти толук кандуу алып баралбаганын тастыктайт эмеспи. Билими тайкы болуп, жетекчилик ишти түшүнө билбей акчанын туткунуна айланган. Кара күчкө салып Муфтийлик кызматты менчигине айлантып алгандын белгиси эмеспи. Эсеби жок акчага мас болуу бул чоң күнөө болуш керек. Мындай жат көрүнүштөн кийин кантип динибиз таза болот. Бул маалыматарды мурда бербегендигим, кийинки курултайда башка муфтий шайланса буларды оңдоп кетет деген ой болгон. Тилекке каршы 6-курултайда кайта шайланып эми 4-жыл иштейт деген чечим болду. 6-курултайда калгандыгы боюнча кийинки чыгарылышта толук малымат берем.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Булак: NazarNews.kg 

 

 

 

Последние новости