www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз Шаршенович ар дайым "коррупция менен аёсуз күрөшөбүз" деп кан какшап келет, бирок айткан сөзү айткан жеринде калат. Парламенттеги депутаттар, Ак үйдөгү жүзү каралардагы коррупцияны түп тамыры менен жоёбуз деп убады берип келишет, бирок натыйжа бере элек. Анткени Ак үй – Көкүй бары түп тамыры менен уурулуктан колдору бошобойт. Болбосо булл уурулар акчасы жок болсо,кантип парламентке же Ак үйдөн кызмат орун алмак эле. Бул ууруларга ким ушунчалык шыдыр жол ачып берди? Элдин канын соргонго? Эмне үчүн беттери кызарбай элди алдап келишет. Мындай көрүнүш өзүнчө эле Кыргыз менталитетинде парадокс бойдон калууда. Жакында эле парламенттен 200ге жакын Бажы кызматкерлери Жаӊы жылды үйбүлөөсү менен чет өлкөлөрдө тосуп келишти деп чуру-чуу боло түшкөн эле, бирок аягы эмне менен бүткөнүн коомчулукка жеткен жок. Көрсө чуу көтөргөн депутаттын астына пачкалап көк акча менен депутаттардын астынан өтүшүп,ызы-чууну басышыптыр.Ууру жүзү кара чиновник, депутаттар акча булагын чөнтөккө буруш үчүн парламенттен же өкмөттөн, прокуратурадан маселе көтөрө калышып, акча сындырган инструмент таап алган туура. Дагы бир мисал КР ЖК депутаты Музафар Исаковдун жер саткан үчүн кылмыш иши козголду деп Башкы прокуратурадан жарыялашкан эле, акча сынгандан кийин үн катпай калышты. Көрсө ушундай ыкма менен прокуратурада, өкмөттө же парламенттен чуручуу түшүрө коюшуп, андан кийин техникалык амалдар менен пара ала коюшат турбайбы.

Ак үй – Көк үй өзүнчө жашыл тилке таап алышкандыктан, ушу убакка чейин коррупция гүлдөп келе жатат. Качан эле акча булагы буулуп калса,ошол замат курч маселени көтөрүп жаткандай болушуп, ММК аркылуу сайрай башташат. Коомчулукту дүрбөтүп туруп,ставканын планкасын бийик көтөрүп, акчаны алгандан кийин, үн катпай калышат. Өтө жөнөкөй акча жеген механизмди президент, күч органы, өкмөт уурулук каналды бууп койюшпайт, же өзүлөрү аралашып жүрөбү? Парламенттеги жана Ак үйдөгү акча алуу механизмди ажобуз деле жакшы билет, бирок консолидациялык мамилени сактап кележатат. Эл өзүнчө оокатын кылып, мамлекет болсо өзүнчө уурулуктан башы бошобойт. Жакында тирөөчүсү жок бугалтер кыз жолугуп мени коргоп бере аласызбы мен бир кылмышка аралашкандай болдум деп суранган эле. Беш-алты айдан бери билинбеген кылмышка үн катпай коюга дитим барбай койду. Мамлекетке ири зыян алып келип жаткан шылуундарга,унчукпай койгонго жан дүйнөм тынч койбой койду. Акыры бул ири экономикалык кылмышты ачыкка чыгарайын дедим.

Бишкектеги цирктын артында көп кабаттуу үйдүн астынан орун алган “Колибри” деген компания бар. Сыртынан караганда бул компания артыкчылыгы менен айырмаланбайт, эч бир шеек жаратпайт. Бирок булл компаниянын алып – сатуу, акча жүгүртүүсү миллиондорду чапчыган документтер кол астымдатурат. Көзөмөлсүз кара бугалтерия эсебинде салыкка 150 миллион сомдон ашык акчаны, ушу убакка чейин жашырып келет. ”Колибри” компания жеке өзүнчө салыктан кача албайт эле, ага жөлөк болгон Свердлов районунун Салык инспекциясы жана Свердлов райондук прокуратурасы «крыша” болуп келишет. Болбосо миллиондогон салыкты жашырып жүргөн компанияны эчакта эле кылмыш жобуна тартып коймок.

Бул жерде дагы ”иттин өлүгү көмүлгөн жери бар” көрсө Кыргызстандын парламентти өзүнчө мыйзам кабыл алып коюптур, Салыкты жашырып жүргөн компания тергөө учурунда же сот процесси жүрүп жаткан учурда салыкты төлөп койсо кылмыш жобунан кутулуп кетет экен. Мындай гумандуу мыйзамдын артында, көпчүлүк фирма, компаниялар салыкты жашырып жүрүшөт экен. Өнүккөн өлкөлөрдө эн оор кылмыш салыкты жашыруу, салык жашыргандарга аёсүз күрөшөт. Эч качан жеңилдеткен мыйзам жок, кичинекей салыкты жашырганы билинип калса, ошо компаниянын мүлкүн конфискацияга алышат. Анан эле Алмаз Шаршеновичтин коррупция менен күрөшү саясаты ишке ашпай келгени, корруцияны колдогон мыйзамды бир карап койсо болмок. Ак үй – Көк үйдө юрист, кеңешчи сөрөйлөр жөн эле айлык алып отурушабы? Мамлекеттик стратегиялык фундаментин түзгөн акчаларды, жаап жашырып келип отурса, кантип биз экономикалык кризистен чыгабыз.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости