www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир адам жашоого укугу бар, ошондой эле адамдын өмүрүн коргоого түздөн-түз мамлекет милдетти алган. Адамдын өмүрүнө кол салган, оор кылмыш катары баланып, сот жобуна тартылат жана жаза алат. Демек Садыр Жапаровдун өмүрүнө ким коркунуч тудуруп жатат?

Садыр Жапаровду бийлик камакка алганда, Жапаровдун ден соолугуна, өмүрүн коргого милдетин толугу менен алышы керек. Тилекке каршы азыркы убакта Атамбаев өзүнүн оппонент саясатчыларга атайын сокку берип жатканын көрүп келе жатабыз. Мыйзамсыз камоого алдырып ар бир саясый лидерди кайгыга чөмүлтүп, жанына коркунуч жаратып жатканы оор кылмыш деп эсептелет.

Бүткүл дүйнөдө мыкаачы диктаторлор кездешпей койбойт, алыс барбай эле Түндүк Кореяны алсак эмне деген оор кылмышка барып бүткүл дүйнө адамзатын ички дүйнөнөсүн кейитүүдө . Кыргызстанга Атамбаев дагы каарду кырдаалга алып келе жатат. Өткөндө түрмөдөн качкан 9 кылмышкерлерди бирин калтырбай өлтүргөнү, адам сапатынан жана мыйзам чегинен чыккандык эмеспи. Ошол убакта мен алдын ала макала жазган элем, бирок эч ким көңүл бурулбай койгон.

Эсиңерден чыгарбагыла бийлик төбөлдөрү, башыңарга келип калса өзүңөрдүн өмүрүңөргө коркунуч туулат, ага эч ким гарантия бербейт.  Садыр Жапаровго бийликтин кылган мамилеси чектен чыгып кетти. Садыр Жапаров саясый аянтында бир далай эмгек кылып сый-урматка жетип, эл колдосуна ээ болуп келе жаткан. Мындай ийгиликке жеткен саясатчыны бийлик,  түздөн-түз саясаттан четтетип жатканы, аракет эмеспи. Бийлигин пайдаланып Садыр Жапаровду куугунтукка алып, акесин таанытып, өлүм алдына алып келди. Мындан ашкан кордук барбы? Мындай жаман кадам менен элди коркутуп башкарам дегениби? Садыр Жапаровду жана анын туугандарын, балдарын өлтүрсө дагы, бийлик мураска жетпейт. Коркутуу кадам менен элди сындыра албайт, кайра карама каршылык жаратып баш аламандыкка алып келет.

Укук коргоочу Качкынбек БУЛАТОВ  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости