www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунда үйлөргө кирип, акча каражаттарын жана зер буюмдарын уурдоого шектелген 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Кадамжай РИИБдин Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнө Үч-Коргон айыл аймагынын 7 тургуну арыз менен кайрылган. Алар 2026-жылдын июнь айынын аягынан июль айынын ортосуна чейин белгисиз жаран үйлөрүнө кирип, акча жана зер буюмдарын уурдап кеткенин билдиришкен.
Маалыматтар электрондук журналга катталып, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жабырлануучуларга жалпысынан 700 миң сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү, мурда соттолгон 38 жаштагы М.М. Кадамжай районунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга зер буюмдары кайтарылып берилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, материалдар мыйзамда белгиленген тартипте райондук сотко жөнөтүлгөн.