www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайга сапар тартууда эки жаңы визасыз режим күчүнө кирди. 20-августтан тарта кыргызстандыктар Кытайда 240 саатка чейин, башкача айтканда 10 күнгө чейин визасыз транзит режиминде боло алышат. Ошондой эле Хайнань провинциясына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Улуттук иммиграция башкармалыгы билдирди.
Жөнөкөй кыргыз паспортунун ээлери Кытайга 65 ачык өткөрүү пункту, анын ичинде Пекин жана Шанхай шаарларындагы аэропорттор аркылуу визасыз кире алышат. 240 сааттык транзит режимин колдонуу үчүн үчүнчү өлкөгө же аймакка багытталган, датасы жана маршруту көрсөтүлгөн тастыкталган билет болушу керек.
Визасыз транзит учурунда саякатчылар Кытайда 10 суткага чейин болуп, режимде белгиленген аймактардын чегинде гана жүрө алышат.
Мындан тышкары, кыргызстандыктар Хайнань провинциясына жөнөкөй паспорт менен 30 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул мүмкүнчүлүк туристтик жана ишкердик сапарларга, туугандарга барууга жана жеке сапарларга берилет.
Ошол эле учурда визасыз режим жумушка орношуу, окуу жана журналисттик ишмердүүлүккө жайылтылбайт. Мындай учурларда алдын ала тиешелүү кытай визасын алуу талап кылынат.
Кыргызстан менен Вьетнам кошулгандан кийин Кытайдын 240 сааттык визасыз транзит режимине кирген өлкөлөрдүн саны 57ге жетти. Ал эми Хайнань провинциясына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн саны 61ге көбөйдү.
Жаңы эрежелер 2026-жылдын 20-августунан тартып күчүнө кирди.