www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирлан Султанбеков жаш туруп жашашты билет экен. А. Атамбаевдин коюн-колтугуна кирип, партиясына мүчө болуп, ага берилген киши болуп түр көрсөтүп, толук ишеничине кирген. Керек болсо Атамбаев өзү төрагалык кылган «Социал-демократттар» партиясын эки эңгезердей уулуна, кичүү эркесине эмес так ушул Темирлан Султанбековго өткөрүп берген.

Султанбеков өзү бакыйган чиновник сезип, партиянын артынан бакылдап турду. Атамбаевдин Кой-Таш «республикасында» атайын кабинет бөлдүрүп иштеп да жашап да жүрдү. Тамак-ашы белен дегендей. Бирок, бийлигин өткөрөрүн өткөрүп алып бирок кайра эле кийлигише берген Атамбаев ал адатын карматып, Т.Султанбековго «Социал-демократттар» партиясынан КР Жогорку Кеңешине талапкерлердин тизмесин түзүү боюнча ишти баштоону жана ал жерге Момбеков менен Акаевди киргизүүнү тапшырыптыр. Султанбеков муну аткаруудан баш тартып, Атамбаевдин ишине кийлигишпөөсүн бетине айтыптыр. Эгерде Атамбаев болбой эле өзүнүкүн кыстай берсе, Султанбеков партиянын катарын таштап, башка партиялар менен шайлоого катышууга даяр экен. Ал го ал, Аамабаевдин өз балдары деле ич ара тынч эмес дейт. Кадыр менен Сейид атасынын акчасын талашып кызыл чеке болгонун, социалдык тармакка Чыңгыз Мамасалиев жазып чыкты.

Баса, акыркы учурда Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун «ысык» мамилеси бар экендигин байма-бай жазышып калган. Ал тургай Алмазбек Атамбаевдин уктоочу жайы Султанбековго таандык болуп калганы айтылып, бул аңыз кептер дүң эле түшкөн. Көп өтпөй кылыктанган Кадыр Атамбаев менен «ыйлаак» Темирлан Султанбеков эки ажырым жолго түшүп, кармашкан колдору үзүлгөн. Үзүлгөн колдордон кийин Султанбековдун Атамбаев берген ооматы кулап, чуу болуп акыркы жолу «мага ок атылды» деген маалыматты тараткан. Бизге жеткен такталбаган маалыматтарга таянсак, Кадыр менен Темирландын ортосундагы оюндардан Ислам аттуу жигиттин аты айтылды.

Эске сала кетсек, Ислам аттуу жигит Ак үйдө белгилүү инсандын оң колу...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости