www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигериянын Замфара штатында куралчан адамдар мектептен 100дөн ашуун баланы жана бир нече мугалимди уурдап кетишти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, куралчан согушкерлер билим берүу мекемесин күтүлбөгөн жерден басып киришкен. Буга байланыштуу Замфара штатынын губернатору Белло Матавалле аймактагы мектептерди убактылуу жабууна тапшырып, штаттын 13 аймагына коменданттык саат киргизди.

Нигерияда согушкерлер тарабынан жаш жеткинчектерди уурдоо учурлары көп кездешет. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Нигериянын Кадуна штатындагы мектеп-интернатка кол салган куралчан топ 140 окуучуну уурдап кетишкен. Буга чейин Тегина шаарында 200 жеткинчектин уурдалганы айтылган. Жыл башынан бери өлкөдө 1000ден ашуун бала уурдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости