www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу бир боорлор,мекендештер, кыргыз элим! Акыркы мезгилде улуу-кичүү дебей, оозумда сөзүм бар деп эле жөөлөмөй, көөлөмөй, бири бирин жөнү жок караламай адатка айланып баратат. Элибиз илгертен "Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө", " Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт"-деп эскертип, сөздүн кунар баасын бийик баалашкан."Баш кесмей бар, тил кесмей жок"-экендигин да таамай айтып,ачуу болсо да эби- чени менен азыркыдай "киндиктен" ылдый тушпөй, кара кылды как жарган калыс сөздөр ар качан айтылган, деген пикирин Кадыр Кошалиев билдирди.
Учурда ойлоно турган опурталдуу маселелердин бири ушул сөз маданияты болуп жатат. Ар качандан бир качан, кан төгүлгөн кармаштар диний ишенимдердин тирешинен, улуттар аралык кызыкчылыктардын кагылышынан, жер талаштан келип чыккан. Кыргыз элине жакшылык санабаган күчтөр атайлап, от тутана турган ушул сыяктуу жаралуу, ары аялуу жерлерден көйгөй жаратууну көздөп,жылчыкка шынаа кагып жатышабы деген да ойлор келет. Коомдо омоктуу маселелердин ачык талкууланып турганы жакшы жөрөлгө.Бирок анын баары өз жолу, ыгы,эрежеси менен болгону дурус. Кандай болгондо да, биз бир кыргыз элинин урпактары,улуттук биримдикке доо кетирүүгө акыбыз жок.
Ар бир кыргыз ЭЛ, МЕКЕН, МАМЛЕКЕТ-алдындагы жоопкерчилигин сезип,сөздөн ишке өтүп, бири бирибизге сый-урмат менен мамиле кылганыбызда гана башка элдер бизди сыйлайт. Сөз сатылбайт бекер, бирок да анын кунар баасы ченемсиз го. ."Сүйлөгөнгө чейин сөз сенин кулуң, сүйлөгөндөн кийин сен сөздүн кулусүң"-деп бекер айтылбайт. Эки жагын байкабай эле "балп" этиргенди, ак карасын ажыратпай туруп эле "сөз баранга" алганды кичине тартпайлыбы, публикадагы сөз маданиятын сактабайлыбы дегеним урматтуу туугандар! Кыргыз эли өзүбуз ынтымак -биримдикке келмейин, деги эле ийгиликке жетишпейбиз.
Булак: NazarNews.kg