www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият тармагына демөөрчүлүк кылгандарга салыктык жеңилдик берүү боюнча атайын норма бекитилген мыйзам иштебей жатат. Бул туурасында маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн жыйынында билдирди.

Министр өлкөдө 1 063 китепкана, 700дөн ашуун клуб, театрлар бар экенин, бирок алардын көбү авариялык абалда турганын белгиледи. Эгер аталган норма иштесе, буларды оңдоп алууга шарт түзүлмөк.

"Кыргыз жана орус драма театрлар оңдолуп баштаган. Биринчисинин сметасы 64 миллион сом, экинчисиники 200 миллион сомдон ашык. Жылытуу системалары киргизилип жаткан, каражат таап өз убагында оңдоо иштерин улантпасак миллиард сомдук чыгым болуп калышы мүмкүн. Салык кодексинин 208-беренесинде маданият тармагына демөөрчүлүк кылгандарга салыктык жеңилдик берилери көрсөтүлгөн. Бирок ошол берене азыр иштебей жатат. Ушул маселени чечип берсеңизер", — деп премьер-министрге кайрылды Кадырбеков.

Белгилей кетсек, учурда жаңы куралган өкмөттүн алгачкы жыйыны өтүп жатат. Анда кыска мөөнөттө экономиканы турукташтыруу жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселелери талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости