www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгына караганда, айыл чарба тармагында гана өсүш болгон. Калган тармактар артка кеткен. Бул тууралуу Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ИДПнын тогуз айдагы көлөмү 400,2 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле убактысына салыштырмалуу алты пайызга төмөн.

"Айыл чарба тармагы 102,1 пайызды түздү. Калгандарынын бардыгы азайган. Мисалы, өнөр жай 1,9, курулуш 7,7 жана кызмат көрсөтүү тармагы 9,8 пайызга кыскарган", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле инфляция 2,9 пайызды түзгөнүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости