www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 17-декабрында саат 19:26да Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Бөкөнбаев көчөсүндөгү кафелердин биринде бир киши лампаларды, эмеректерди сындырып, бычак менен чыр салып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга арыз менен кафенин кызматкери К.К. кайрылып, колуна сынык бөтөлкө алып, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, мекеменин люстрасы менен инсталляциясын талкалап, андан соң качып кеткен белгисиз адамга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү жаран кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кармалган жарандын 1997-жылы туулган С.А.нын наамындагы паспорту болгон.

«Кармоо учурунда ал өзүнүн тартипсиздигин көрсөткөн. Колунда бөтөлкөнүн сыныгы болгон жана өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Буга байланыштуу тез жардам жана психиатриялык бригадалар чакырылып, аны медициналык мекемеге жеткиришкен», - деп айтылат маалыматта. Бул факт Ленин РИИБ тарабынан катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.К

Булак: Akipress

Последние новости