www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртас санитардык эпидемиологиялык талаптарды бузганга айыпталууда. Казак басылмаларындагы маалыматка ылайык, ырчы Семей шаарындагы тойлордун биринде жүргөн видео тарап кеткен. Учурда бул окуяны полиция кызматкерлери териштирип жатканы айтылат маалыматта.

"Кайрат Нуртас боюнча материалдар топтолуп, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү. Санитардык талаптарды аткарбай, салтанат өткөргөн тойкананын кожоюнуна карата да материалдар чогултулуп, тиешелүү мекемеге жөнөтүлдү", - дешкен укук коргоочулар.

Талкуу жараткан видео интернет желесинен өчүрүлгөн. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Семей шаарында санитардык талаптарды аткарууну көзөмөл күчөтүлүп, рейддер жүргүзүлүүдө. Талаптарды, эрежелерди бузган ишкана, мекемлерге ири суммадагы айыптар каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости