www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламатсызбы, мага аябай психологдун кеңеши керек. Мен турмушка чыккам, бир балам бар. Кайын энем менен бир турабыз. Үйдөн конок үзүлбөйт. Айрыкча, кайын энемдин туугандары көп келет. Ал туугандарынын көзүнчө кагынып, силкинип, бой көтөрүп, мен жасаган ишти артыман оңдой берет. Мага тийишип сүйлөп, кемсинтет. Ошонусуна арданып, ызаланам. Кээде эмоцияга алдырып урушуп да кетем. Эч ким жокто андай деле эмес. Мен негизи тыңмын. Тамактын түрүн жасайм, кыймылым тез. Киши келгенде дасторконду жайнатып, улам чай сунуп көңүлүн алам. Туугандардын бары макташат, ыразычылыгын билдиришет. Кайын энем аны байкабайт. Ошол учурда өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек?

Карлыгаш Акимкулова, “Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун психотерапевти

Сенин кайын энең туугандарынын көзүнчө абройлуу, кыйын жана үйдүн чыныгы кожойкеси болуп көрүнгүсү келет. Мунун бир нече себеби болушу мүмкүн:

  1. Алардын үй-бүлөсүндө, тууган арасында бири-бирине кылган мамилеси ошондой.
  2. Келинге көңүл бөлүп, сый мамиле жасоо алсыздыктын белгиси катары кабыл алынат.
  3. Сен ашыкча жакшы, ашыкча тыңсың. Сен кайын энеңдин колунан келбегендердин бардыгын жасаганды билесиң. Жасаганда да майын чыгарасың. Ал асылганга себеп таппай, жумурткадан кыр чыгарат. Себеби, бардыгын сага өткөрүп берип койсо, сени: үйдү, үй-бүлөнү, туугандарды бийлеп алат деп чоочуркайт. Бул жашыруун конкуренция. Анын оюу боюнча сенден кыйыныраак көрүнүүнүн бир гана жолу бар – бул басынтуу, кемсинтүү, ар нерсеге асылуу.

Сен эстүү келинсиң. Ошондуктан бул маселени чечүү сен үчүн кыйынчылык деле жаратпайт болуш керек. Болгону бардыгына жагынууга, көңүлүн алууга шашылба. Өзүңө-өзүн жаксаң жетиштүү.

Ал эми кайын энеңдин эгесин канааттандыруу үчүн бир иш кыларда аны менен кеңешип, ыразычылык билдирип, мактап тур. Өзгөчө туугандардын, коңшу-колоңдун көзүнчө. Майрамдарда, туулган күнүнө белектерди жасап көңүлүн ал.

Сен бул үй-бүлөгө бүлө болуп келдиң. Демек алардын шартына көнүшүң керек. Бирок өзүңдүн кызыкчылыктарыңды татыктуу коргой бил.   

Булак: "bilesinbi.kg"

Последние новости