www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актөбө облусунда окуучунун өлүмүнө байланыштуу “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Өткөн аптада Шалкар шаарындагы эки мектептин окуучулары мушташып кеткен. Жаңжалдын кесепетинен 10-класстын окуучусу Мирасбек Даулетияр өмүр менен кош айтышкан. Окуя Шалкар көлүнүн четиндеги муз аянтында болгон.

Шалкар шаардык ооруканасынын дарыгери Есенгали Копеновдун айтымында, белгисиз кишилер кансыраган баланы имараттын алдына алып келип ташташкан: – Ал жүрөк тушунан өткүр зат менен терең жаракат алганын байкадык. Ооруканага жеткирилен соң 15 мүнөттөн кийин кайтыш болду.

№6 мектептин директору Алия Оспанова окуя болгондон кийин 10-класстын бир нече окуучусу кармалганын билдирди. Анын айтымында, Асылбек Сабыр аттуу бала киши өлтүрүү шеги менен убактылуу тергөө абагында отурат. Калган үч окуучу күбө катары көрсөтмө берген соң бошотулган.

Булак: "centralasian"

Последние новости