www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Камактагы саясий туткундардын тагдыры кандай болот?

— Саясий туткундардын эркиндикке чыгышы өтө эле татаал. Себеби, Атамбаевдер өлкөдөгү абалды татаалдаштырып жиберишкен. Кыязы, булар өзүлөрү коррупциялык негизде камалып кетпейли деп, атайылап саясатчыларды камап, саясий туткундарды жаратып койгондой.

Мына бүгүн камалып жаткан Атамбаевдин командасындагылар күнөөлөрүн моюндарына албай, бизди саясий негизде куугунтук кылып жатышат деп билдирип жатышат. Анан калса, өзүлөрүнүн колдоочулары аркылуу соцтармактарда «булар С. Жээнбековдун мөөнөтү бүткөндөн кийин эркиндикке чыгышат» деп айттырып, ушундай пикирди калыптандырып, жайылтып жатышат.

Демек, булар саясий туткундар кандай жол менен чыкса, кийин биз да жаңы президенттин учурунда ошондой жол менен эркиндикке чыгабыз деп, аны алдын ала билип жатышат. Муну менен бүтүндөй коррупция менен күрөшкө чоң сокку урулганы турат. Менимче, бүгүн саясий туткундардын эркиндикке чыгышы президенттин да, парламенттин да иши эмес, бул юристтердин иши болушу керек. Бул маселени саясий негизде чечүү, тарых, келечек үчүн туура эмес болуп калышы мүмкүн. Юристтер туура жана мыйзамдуу жолун табышы керек.

Бул маселени Р. Отунбаева 7-апрель революциясынан кийин өлкөдөгү башаламандык учурдан пайдаланып Алиевди өлтүргөн деп камалган Атамбаевдин жансакчысын чыгарып жиберген иш менен бирдей кароого болбойт. Анда өлкөдө Конституция иштебей калган учур болчу, шайтанды да чыгарып жиберсе эч ким жооп бермек эмес.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости