www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тамашоучу" Мыкынын "хайп" жараткан окуясы көп талкууга жем таштады. Бул орун алган окуя тууралуу теле алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн пикирин төмөнкүдөй билдирди.

"Мыкыны "эркексиң" деп аябай колдодук ээ? Ордуна бир кыз болсо, бачагын гана чыгармакпыз! Шерменде жана башка жакшынакай сөздөр менен атап, жерге - сууга көмөлөтүп, тепкилеп, кыргызды уят кылып атат деп, жөн эле өлтүрүп койсок керек.

Эркектерге дайым колдоо болот. Левый басса да жарашат. Эркек да дейбиз. Жылаңачтанса да жарашат. Эчтеке болбойт. Боло берет дейбиз. Балдарын таштап кетсе да жарашат . Аялы начар да дейбиз. Аялдарды деле актаган мезгил болобу? Жеңилирээк эле көйнөк кийип калсаң, жеткен ж...п сың го!

Акыйктасыздык! Ушул пикиримди да төпөштөйсүңөр азыр. Эркекке өчөшүп жылаңачтанып ал, жүрүп кет жана башка деп жазасыңар . Көзү ачыгы жок эле көрөм да жазыла турчу комментарийлерди. Кыздар абийири менен турмуш куруш керек. Эркек "опыт" топтоп, "проституткаларга" барып, анан үйлөнүш керек. Анан ал эркектер барган сойку да, сойку болуп иштеген үчүн да элдин жемесин угуп, төпөш жеш керек. Спрос болмоюн товар болбойт деген эч ким жок!"- дейт Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости