www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрадан 13 жашар кыз зордукталды. Ногойбаев, кет!

Бул аянычтуу көрүнүш. Бизге жабырлануучунун жакын туугандары тарабынан маалымат келди. 8-январь күнү Бишкек шаарынан 13 жашар кыз жоголуп, ата-энеси Свердлов РИИБге арыз менен кайрылат. Анан 11-январда гана ЦУМдун айланасынан табылып атпайбы. Милиция ыкчам аракет жасаганга жетишкен эмес.

Тестиер өспүрүм Т.А. моралдыкпсихологиялык жактан катуу сокку алган. Белгисиз эргул эки күн бою зордуктап жатканы айтылды. Ушундай айбанча мамиле болуп, жашы жете элек кыз уурдалып кетип, кордук көрүп атса, Свердлов РИИБнин кызматкерлери жабырлануучудан күнөө издеп, ар кандай суу кечпеген МЕНТтик жүрүштөрдү жасаганы кандай? Бул жагын ИИМдин ички иликтөө кызматы да текшерип, мыйзамдуу алкакта баа берүүсү зарыл.

Свердлов РИИБнин начальниги Азамат Байгазиев бүгүнкү күнгө чейин оор кылмыштын бетин ача албай, мукурап отурат. Бишкек ШИИБ башчысы Азамат Ногойбаев уйкусурап жүрсө, анын астындагы жетекчилери кыйратып иштешмек беле?

Кыскасы, бул эки начальник тең кызматтарынан кетиши керек! Өз милдеттерин аткара албай калышканы анык. Эске салсак, былтыр Свердлов РИИБнин участкалык кызматкерлери 13 жашар кызды алмак-салмак зордукташып, бүт дүйнөгө дүң болушкан! Жыл айланбай кайрадан трагедиялуу окуя кайталанууда. Сабак алышпайт экен го?!

Жогорку жетекчилик бул окуяны көзөмөлгө алып, милициянын шалаакы жетекчилерин жоопкерчиликке тартышы зарыл. Качанкыга чейин чырактай кыздар куурап, өлүп же кор болушу керек?..

Булак: Азия News гезити

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости