www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө жер силкинди

Бүгүн, 27-январда таңкы саат 06:10до Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Каракол айылынан батышка карай 6 км, Кара-Сай айылынан түштүк-батышка карай 45 км, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 73 км, Каракол шаарынан түштүк-батышка карай 140 жана Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 275 км аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Каракол айылында 5 балл, Кара-Сай айылында 3,5 балл, Каракол шаарында 3 балл, Кажы-Сай айылында 3 баллга чейин сезилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости