www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигериядагы жардыруудан 27 адам каза болду

Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Нигериянын борборунда бомба жарылган. Натыйжада 27 адам каза болгон. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты.

Жардыруудан каза болгондордун бардыгынын өлкөнүн Насарава жана Бенуэ штаттарынын чек арасындагы Рукуби айылындагы малчылар экени белгиленди.

«Биз жардыруудан 27 адам жана бир аз бодо мал өлгөнүн аныктадык. Көптөгөн адамдар жаракат алып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Жабыркагандардын саны көбөйүшү мүмкүн», - деп билдиришти аймактык милициядан.

Ошондой эле жардыргыч заттар боюнча адистер жарылуунун себебин иликтеп жатышат.

Жергиликтүү малчылар ассоциациясынын өкүлүнүн айтымында, жардырууну Нигериянын аскерлери жасаган болушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын март айында Нигериянын түндүгүндөгү Кадуна штатында куралдуу кол салуу уюштурулган. Натыйжада 34 адам набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости