www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу мамлекеттер 3-4 эсе тарифти кымбаттатышты, алар да дефицитке такалып, аварияларга учурап атышат. Мындай пикирин эксперт Эрнест Карыбеков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Электр энергиясын таркаткан ортомчу фирмалардын көпчүлүгүн жоюшуптур. Эми энергетика тармагындагы коррупция азаят деп ишеним артсак болобу?

- Албетте, электр энергиясын тараткан 28 ортомчу фирманын 12-си калыптыр. Бирок, аларды дагы жоюш керек.

- Электр энергиясын 23 тыйынга кымбаттатуу эскилиги жеткен энергетика тармагын калыбына келтире алабы?

- 32 жылдан бери эле тарифти көтөрсөк бардык ооруну жеңе турган пилюля катары элге сунушталып келет. Тариф көтөрүлүп эле келе жатат, 2014-жылы Атамбаев менен Оторбаевдин өкмөтү 300% көтөрүшкөн 0,77 сомдон 2,16 сомго чейин. Кана натыйжа? Ого бетерден кризиске капталдык го. Коңшу мамлекеттер 3-4 эсе тарифти кымбаттатышты, алар да дефицитке такалып, аварияларга учурап атышат. Демек, кеп тарифте эмес - жүргүзүлүп жаткан саясатта. Кыргызстан жана коңшулар глобалдык батыштын либералдык спекулятивдик экономикалык саясатында болуп энергетикабызды ушул абалга алып келдик. Эмне кылыш керек? Тармакты улутташтырыш керек. Башкармалыгы кыскарат, ортомчулар жоголот, тармак кирешелүү болот. Мурун, бир мекеме болгондо 6 миң киши иштеген, азыр - 17 миң киши иштейт. Көбү башкармалар, көчөдө трансформатор, линия оңдогон карапайым элдин балдары эмес! Эмнеге өкмөт 4,42 сомдон натыйжасы төмөн, көйгөйдү чечпеген "жашыл энергетикадан" мыйзам менен кымбат электро энергияны сатып алат? Мамлекеттик саясат ушундай болуш керекпи? 1 сомдон бере турган станцияларды курбайбы. Там салсаң фундаменттен башташ керек, чатырдан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости