www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убакыттын өтүшү бийликке каршы иштеп, рейтингин түшүрүүгө багытталат эмеспи. Бул мыйзам ченемдүүлүк. Учурда өкмөттө, аткаруу кызматында абройлуу, ишенимдүү жетекчилер өтө сейрек. Коомчулук дээрлик тажап калган. Министр, губернаторлорду карагыла, көпчүлүгү белгисиз.

Артынан даңкан ыргый турган фигуралар эмес. Мындай шартта айрым кеңешчи, билермандар акыл калчашып, бийликтин пайдубалын бекемдөө үчүн оппозиция лидерлери менен тиреше бербей, алардын белдүүлөрүн тартып, кызматташуунун “кулагын” чыгара башташыптыр. Соңку убактагы өкмөттүн эки анжы абалын байкап атабыз. Өргө тарта алчудай эмес...

А баса, Чүй облусунда бийликти колдогондордун катмары да кыйла жукарып, үлп эткен желге термелип турабы? Ар кандай образдуу божомолдор удургуп турган чагы. Мындай илең-салаң кырдаалда экс-спикер Канатбек Исаев менен сүйлөшүү жүргүзүү, мамлекеттин туруктуулугу, өнүгүшү үчүн кызматташуу сунушу айтылабы?

Азырынча бул боюнча Акүйдөгү айрым билермандар акыл калчашканы каңкууланды. Саясатчы Канатбек Исаевге жогорку даражалуу кызмат сунушталса барабы? Кеп ушунда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости