www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр ава, мыйзамдуулукту орнотуңуз, мындай «черезчур» кете бере турган болсо, жалтак, жагалданган командаңыз жарга бат эле такайт. Бул тууралуу камактагы жарандык активист Атай Бейшенбек президент Садыр Жапаровго жана коомчулукка Кайрылуусунда билдирди.

"2020-жылдын октябрь окуясында массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алгансың деп мага дагы бир кылмыш ишин козгоп, тергөөгө чакырышты. Айыпкер катары жоопко тартуу токтомунда: «Бир Бол» саясий партиясынын атынан шайлоого катышкан Атай Бейшенбек уулу митингге катышып, шайлоо таза өтпөгөндүгү туурасында айтып, ар кандай сөздөр менен өзүнө упай топтоо максатында курч билдирүүлөрдү жасаган»,- дейт. Садыр ава, бул эмне деген «беспредел»?

Биринчиден мен «Бир Бол» партиясынан 2020-жылы шайлоого катышкан эмесмин, экинчиден мен ошол октябрь окуяларындагы митингде сүйлөмөк түгүл, басып барган эмесмин. Андан ары айыпкер катары жоопко тартуу токтомунда мага Жогорку Кеңештин имаратына талкалап киришкен, андан соң Жоошбек Коеналиев менен мэрияны басып алышкан дейт. Садыр ава, мен мэрияга ошол оор күндө эмне кылабыз, кандай кылсак туура болот деп агаңыз Сабыр ава менен Масалиев/Айтматов кесилишиндеги батиринде таңатпай сүйлөшкөн соң, ишеничтүү адамыңыз менен сунуш-пикирлерди кагаз жүзүндө берип, анан мэрияга барбадым беле….

Оор кырдаал болуп жатат, эч ким ишке чыкпай жатат дегенде, мэрия ишин штаттык режимде улантпады беле! Коеналиев менен бийлик басып алмак түгүл, мэрдин кабыл алуу бөлмөсүндө ага кире албай 3 саат турганымды көргөн ондогон күбөлөр бар. Мэрияда иш турукташкан соң, дружиниктер менен имаратты бошотуп эле кеткенбиз, аны тастыктап бере алам.

Урматтуу мекендештер, бизде мыйзам, адилеттүүлүк бар дегенге ушул Кемпир-Абад, Октябрь иштерин карап айтыңыздарчы! Садыр ава, сиз 6-октябрь мыйзамсыз өкмөт башчы болду деп, 9-октябрь кайра шайландыңыз эле, ошондо 3 күн мыйзамсыз өкмөттө отурдуңузбу?

Эми ушу кантип болсун, «Casa Italia» кофейнясындагы чогулушка барбасам – баргансың, комитетте мүчө эмесмин десем – мүчөсүң, 2020-жылы шайлоого катышпасам – «Бир Бол» партиясынан талапкер, октябрь окуясында митингге барбасам – катышкан, сөз сүйлөгөн деп токуй бересиңерби, эптеп камаштын айласын таппай жаткандан бөлөк эмне дейм?.....

Октябрь окуясында Бишкекти ким – кимдер мэр болуп башкарганын интернеттен карасаңар, баары бар. Көз көөрүнө ушундай мыйзам бузуу, фальсификация болуп жатса, көмүскө кандай болуп жатат элестетүү коркунучтуу….

Садыр ава, мыйзамдуулукту орнотуңуз, мындай «черезчур» кете бере турган болсо, жалтак, жагалданган командаңыз жарга бат эле такайт", - деп жазылган Кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости