www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» аэропортун талап-тоноодо Албек Ибраимов, Бакыт Сыдыков, Бакыт Шаршеев сыяктуулар өзгөчө «Баатырлык» кылышкан. Союз убагында Ош, Баткен, Жалал-Абад облусу биригип бир эле Ош облусун түзгөн. Эгемендүүлүктү алардын алдында Кыргызстанда эки эле облус бар эле. Ошонун бири Ош облусу дээрлик Кыргызстандын «жарым пашаасы» болуп келген. Ушул обкомду эгемендүүлүктү алардын алдында Үсөн Сыдыков, ал эми обком комсомолду Аликбек Жекшенкулов жетектеген. Дооронбек Садырбаев айтып калчу обком Үсөн Сыдыков конокко чакырып калат. Барса оңкойуп, тоңкойуп, көздүн кареги менен айланып, чимирилип бирөө колго суу куюп жүрөт дейт. «Бул ким?» деп сураса «Ушул жердин базаркому» дейт. Анан Доке ойлонуп базаркомду ошол сыяктуу элестетип, кийин Акаев «Оберон» базарын берейин, оозуңузду жаап жүрүңүз» десе албай койот, баягы базаркомду эстеп. Ал жерди Кубат Байболов шып илип кетет. Кийин бирдеме сурап барса назарын сындырса керек, ошондон улам айтып жатат. Үсөн аке Акаевден бир жаш улуу болсо да Акаев завкафедра кезинде бийлик номенклатурасына аралашып калган. Ошондон уламбы Акаев президент болгону он беш жыл оппозицияда болуп, Бакиев президент болгон соң президенттик аппаратты жетектеп калат. Ушул киши 2013-жылы Атамбаевдин заманында 70 жашка толот, ошондо Ахматбек мырза айтып калат: «Жок дегенде бир калай тагып койбойбу» -деп. Сөздү узартпай ток этер жеринен айталы анын Бакыт деген уулу бар. Ушул кезге чейин «Манас» аэропортун талап-тоноп кеткен деген сөз жүрөт.

Албек Ибраимовдун алкымынан ”Манас” аэропортунан 5 миллион доллар чуркурап өтүп кеткен. Албек Ибраимовду “Манас” аэропорту менен коргогон ал кездеги “Азаттыктын” кожоюну Венера Жуматаеванын бул акчага тиешеси жокпуким билет. “Азаттык” үн алгысынын мурунку кызматкери Элнура Алканованын айтуусунда: “Манас” аэропортунун айланасында болуп жаткан  “киргил схемаларды” көтөрүп чыккан. “Манас” аэропортунун ал кездеги жетекчиси Албек Ибраимовдун кызыктуу бизнестерин каза баштаганда, балким ошол жерди “аштоо” кылып алганбы Венера Жуматаева аны кызматынан алат. “Кыңыр иш кырк жылда” дейт, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге таянып чалчаңдап, элдин эмгегин бекер жеп жаткан Албек Ибраимовдун миллиондорду ашап жүргөндөрүнүн бети ачылды. Таң калганыбыз аны эмнеге “Азаттык” үн алгысынын жетекчиси Венера Жуматаева “сары ооз балапандай” калкалап келди. Анткени, бул “Манас” аэропортунда Венера Жуматаеванын да кызыкчылыгы болгон. Эгер анын кызыкчылыгы болсо кантип уялбай “Азаттыкты” жетектеп жүргөн?

Коопсуздук органдары “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомунан оффшордук компаниялар аркылуу 5 миллион доллар чыгарылып кеткенин аныкташкан. Бул чекеси эле болсо керек. Компаниянын жетекчилиги 2014-жылы аэропорттун аймагында жайгашкан, ошол кезде банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Коопсуздук органдары ишкана жетекчилиги башынан эле бул келишим майнапсыз экенин билип туруп кол койгон деп эсептейт. Коопсуздук органдары белгилегендей, акциялардын баасы ал кезде 5 миллион доллар эмес, 100 миң сом гана болчу.2013-2016 жылдары “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомун Албек Ибраимов башкарып турган. Кийин Бишкектин мэри болуп иштеген Албек Ибраимов 2018-жылы камакка алынган. Ага карата борбордун четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө байланыштуу эки кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү болгон Ибраимов бул кылмыш иштерин куугунтук катары эсептеп келет. Албек мырза 2020 жылы октябрда түрмөдөн качып кетип, из жашырып жүрөт.

Албек байкесин тарткан Шаршеевдин да алкымы бузулган.Азыр "Балыкчы" шаарына мэр болуп дайындалгандан көп өтпөй, дайыны билинбей кеткен, кийин качып кеткени айтылган Бакыт Шаршеев Америкада экен. Эске сала кетсек, Бакыт мырза Балыкчыга мэр болгондо шаардык бюджеттен үй эмерек алмакчы болгон жоругу коомчулукка чыгып кетип, катуу сынга кабылган. Ошондон кийин, ишине чыкпай коюп, Жогорку Кеңештин депутаттарынан бери издеп чуу түшкөн. Президент Шаршеевди таппай коюп, иштен бошоткон. Көрсө, жытчыл Шаршеев ага карата "Манас" аэропортун жетектеп тургандагы коррупциялык иштерине байланыштуу кылмыш иши козголгонунун угуп, кылтакка илине электе эртелеп өлкөдөн чыга качыптыр. Түз эле Америкага куйрук түйүптүр. Учурда жүк ташыган фураларды сатып алып, бизнес кылып жатканын эшиттик. Мамлекетти тоноп кеткендер, сыртка барып бизнес кылып, жыргап жашай бергенге көнүштү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости