www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Балыкчы" шаарына мэр болуп дайындалгандан көп өтпөй, дайыны билинбей кеткен, кийин качып кеткени айтылган Бакыт Шаршеев Америкада экен.

Эске сала кетсек, Бакыт мырза Балыкчыга мэр болгондо шаардык бюджеттен үй эмерек алмакчы болгон жоругу коомчулукка чыгып кетип, катуу сынга кабылган. Ошондон кийин, ишине чыкпай коюп, Жогорку Кеңештин депутаттарынан бери издеп чуу түшкөн. Президент Шаршеевди таппай коюп, иштен бошоткон. 

Көрсө, жытчыл Шаршеев ага карата "Манас" аэропортун жетектеп тургандагы коррупциялык иштерине байланыштуу кылмыш иши козголгонунун угуп, кылтакка илине электе эртелеп өлкөдөн чыга качыптыр. Түз эле Америкага куйрук түйүптүр. 

Учурда жүк ташыган фураларды сатып алып, бизнес кылып жатканын эшиттик. Мамлекетти тоноп кеткендер, сыртка барып бизнес кылып, жыргап жашай бергенге көнүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости