www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“NazarNews” маалымат агенттигинин редакциясы Кадамжай шаарынын Ч.Айтматов атындагы №32 атындагы мектеп-гимназиясынын жаңыдан дайындалган директорунан комментарий алды. Билим берүү мекемесинин жетекчисинин Зияда Назарованын айтымында, алдыда көптөгөн пландар, долбоорлор бар.

- Саламатсызбы Зыяда Тавалдыевна,  мектептеги жашооңуз тууралуу кыскача айтып берсеңиз, директор болуу оңой эмеспи?

- Педагогикалык тажрыйбама 32 жыл болду. №5 Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинде көп жылдан бери эмгектенип келе жатам. Ушул мектепте эки жыл тарбия иштери боюнча директордун орун басары, андан кийин алты жыл окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. Быйылкы директорлордун конкурсуна катышып, босого баллдан өтүп, сентябрь айынан бери директор болуп иштеп жатам. Албетте, ушул мектепте бир канча жыл жетекчилик кызматтарда жүрсөм да, башында "кантип иштеймин" деген коркуу сезими болду. Себеби, мектеп чоң, жалпы 1070 окуучу окуйт, 65 мугалим билим, тарбия беришет.

 Ар бир бала үчүн жооп берүү, мугалимдер жана башка кызматкерлер менен тил табышып жакшы иштөө оңой эместигин түшүнөм.

- Биринчи кезекте кандай суроолорду чечүү керек?

- Кудайга шүгүр, азыр иштерим жакшы. Ноябрь, декабрь айларында "Арис" жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоорунун жана "CASA-1000"долбоорунун жардамы менен үч кабаттуу мектептин эскилиги жеткен терезе эшиктери пластикке алмаштырылды.

КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке компьютерлер, проекторлор, принтер келди.

Быйылкы окуу жылындагы предметтер боюнча Республикалык олимпиаданын райондук турунан химия предметинен бир окуучу 1-орунду, эки окуучу 2-орунду, бир окуучу 3-орунду ээлешти.

-  Жакынкы келечекке кандай пландарыңыз бар?

-  Быйылкы окуу жылында мектепте көптөгөн ийгиликтер жаралды. Албетте, бул мектептеги мугалимдердин эмгеги. Мындан ары да долбоорлор менен иштешип мектептин материалдык техникалык базасын чыңдап, окуучулардын татыктуу билим алуусуна, мугалимдердин талыкпай иштөөсүнө жакшы шарттарды түзүп берүүгө аракет кылам. Келечекте мектептин жылытуу системасын жакшыртууну, ар бир кабинетке проекторлорду орнотууну пландаштырып жатамын. Ошондой эле, спонсорлорду таап мектептин кире беришин оңдоо керек.

Албетте, биринчи кезекте мугалимдер менен жакшы тил табышып, ошону менен бирге мыйзам чегинде талапты да коюп, окуучуларга жакшы билим, тарбия берүүнүн үстүндө эмгектенип жатам.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости