www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баары кеч. Германиянын геосаясий кырдаалына анализ

Украинаны германиялык танк менен камсыздоонун тегерегиндеги кеп дале кызуусунда. ФРГ канцлери күтүүсүздөн эрктүүлүгүн көрсөтүп, Киевге немец "Леопарддарын" берүүдөн баш тартты.

Өз кезегинде бул кадам Рамштайн авиабазасындагы НАТОнун саммитинде кыжың-кужуң сөздөргө себеп болуп, талаш-тартыш жаратты. Андан соң батыш маалымат каражаттары Олаф Шольцту сындоого өттү. Бирок көп өтпөй окуя андан да кызып кетти деп бүйүр кызытат Ирина Алкснис. Серепчинин аталган мамлекеттин геосаясий жагдайы жаатындагы учкай макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Жекшемби күнү Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок эгер Украинаны немец танктары менен жабдуу тууралуу үчүнчү өлкөлөрдөн өтүнүч түшсө, четке кагылбай турганын билдирди. Бербок айым — ашынган атлантисттердин, "жашылдардын" өкүлү, Германиянын саясий күчтөрүнүн арасындагы АКШнын эң берилген желдеттеринин бири экенин кепке кыстара кетели.

Берлиндин жаңжалды бир аз жымсалдоо аракети Польша жетекчилеринен, атап айтканда, премьер-министр, ТИМ, ал тургай президенттин канцеляриясынан орой, опузалаган жооп алды. Анткен менен андай реакция кыйла мыйзам ченемдүү, ал түгүл адилеттүү да туюлду. Себеби эки тоонун чөбүн эңсеген кез толугу менен бүткөн.

Немец каймактары, тагыраагы, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөгөндөр стратегиялык көрөгөчтүгү, акыл калчанган саясаты менен таанылган. Алардын далалаты менен Германия Европанын экономикалык кыймылдаткычы жана геосаясий лидерине айланган. Анан да дал ошолор эпчилдик менен Кошмо Штаттардан өлкө үчүн артыкчылык жана жеңилдиктерди макулдашкан. Ошончолук эбегейсиз геосаясий капиталдан ушунчалык бат кол жууп калышы акылга сыябы?

Вашингтон азыркы немец башкаруучуларынын бир бөлүгүн колго алып, көзөмөлүнөн чыгарбай келет. Ал топко айрым саясий партиялар, негизги маалымат каражаттары, бизнестин бир бөлүгү кирет. Берлиндин ашкере этияттыгы, океан ар жагындагыларга кылчактаган аракеттери да ошондон.

Азыркы геосаясий жана экономикалык туңгуюк (ага ФРГ өзүн-өзү кептеди) дээрлик бир жыл мурун дал бүтүндөй элитасынын, атлантисттерге ыктаганы да, улуттук кызыкчылыкты туу тутканы да Россияга каршы биригишинен келип чыкты. Өз кесиптештерин акыл калчоого чакырган Герхард Шредер өңдүүлөр ал кезде манжа санагына араң чыкчу.

Эми Берлин эсин жыйып, салмактуу саясатка кайра кайтууга далалаттанып жаткандай. Бийлик өзүнүн тышкы саясий оюнун баштап, эң оболу өлкөнүн кызыкчылыгына иштөөнү баштады. Бирок баары кеч. Кээде немецтер америкалыктардын эбин таап, поляктарды ордуна коюп, кайрадан Европаны тескеп, толук суверенитетин кайра калыптандырат деген пикирлерди тыңдоого болот.

Болгону былтыр Германия өзүнүн өнүгүшүнө өбөлгө болуп, дымагын күчөтүп турган маанилүү булактан – Россия менен кызматташуудан куру жалак калды. Эми өзүнүн улуу держава экенин көрсөтүп, улуттук кызыкчылыктарын коргоого умтулбасын, мезгилдин чындыгын өзгөртө албайт.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости