www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишим уюму (ЖККУ) Кыргызстанга керекпи? Мындай суроону депутат Дастан Бекешев бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Коргоо министринин 1-орун басары Алмазбек Карасартовго берди.

Анын пикиринде, учурда Тажикстан менен бир топ чечилбеген маселелер болуп жатат. Андан сырткары, депутат буга чейин ЖККУнун машыгуусу Кыргызстанда өтүүсүнө каршы болушканын айтып өттү. 

Алмазбек Карасартов өз кезегинде бул уюм Кыргызстанга керек деген жообун берди.

"Анткени баарыбызга дүйнөдө жана жакынкы региондордо абал кандай болуп жатканы белгилүү. Бардык чакырууларга, коркунучтарга ушул уюм гана туруштук берет деп ойлойм. Ошондуктан бул уюм керек. 

Андан сырткары сентябрь айындагы Баткен окуясына ЖККУ эч кандай реакция кылган жок деп айтып кеттиңиз. Андан жардам алуу үчүн, биз тараптан кайрылуу жөнөтүү керек болчу. Бизде аталган уюмдук күчтөрүн колдонууга муктаждык болгон жок", - деди Карасартов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости