www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбек Акун отуз жылдан бери бийлик менен кээде мушташып,бирде таяк жеп, бирде бийликти омкоруп келатат. Бирде эки колун көтөрүп бийликке багынып берип, бирде бийликти опузалап калат. Далай ирет жашынып алып атасы уулумду таап бергиле деп маалымат беттеринде жүргөн. Эми ал, эл аралык уюмдардын баары Кыргызстанда авторитардык режим орной баштады -деп сындай башташты деген пикирин Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору Турсунбек Акун айтты.

Биринчи май райондук соту 21-мартка чейин митингдерди, тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салды. 2022-жылдын 2- октябрында Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, 23-октябрда 30га чукул саясатчылар, коомдук активисттер, блогерлер камакка алынды. Бирок, алардын кармалышы мыйзамсыз экенин айтып, бир нече ирет пикирлер айтылды. 2023-жылдын 10-ноябрында камакка алынгандардын жакындары, үй бүлө мүчөлөрү аларды бошотуу талабы менен ИИМдин алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бирок, акцияга чыккандарды дагы Биринчи май райондук сотунун тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салган чечиминин негизинде  митингге чыккандарды  укук коргоо органдары күч менен кармап, ички иштер органдарынын имараттарына алып барып, кечинде коё беришти. Укук коргоо органдарынын бул аракети да мыйзамсыз болуп калды. 
Мына ушул эки жагдай боюнча эмне үчүн укук коргоо органдарынын аракеттери одоно болуп, мыйзам бузулуп жатат. 2022-жылдын 11-апрелинде иштелип чыккан конституциянын авторлорунун бири Турсунбек Акундун адам укуктары боюнча 23-главадан 56-главага чейинки бөлүмдүн авторлору катары жапырт камоонун мыйзамдуулугу боюнча айткандарына кулак төшөйлү. Конституциянын 32-беренесинде ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, пикирин эркин айтууга укуктуу. Өз пикирин билдирүүдө мажбурланбашы керек деп жазылып турат. Ал эми адам укуктары декларациясынын 18-беренесинде дагы адам эркин ой жүгүртүүгө, эркин дин тутууга укуктуу деп турат. Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Конституциясында дагы БУУ тарабынан кабыл алынган адам укуктары декларациясында да адам өз оюн эркин билдиргени үчүн эч кандай жазага алынбашы керек экени баса белгиленген. Тагыраагы, пикирин эркин айтканы үчүн мыйзам тарабынан жазага тартылууга, камакка алынууга эч кандай негиз жок. Бул бир жагы. Экинчи жагы   өткөн жылдын 23-октябрында жапырт камакка алынгандар тынч жыйындарды өткөрүп, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзгөнү үчүн аларга баш-аламандык уюштурду, бийликти басып алууга аракет кылды деген айып менен камакка алышканы да орунсуз болуп калды.

Конституциянын 39-беренесинде да ар бир адам тынч жыйынга катышууга укуктуу. Эч ким жыйынга катышуу үчүн мажбурланышы мүмкүн эмес деген жана тынч жыйынды өткөрүүдө мамлекеттик органдар жергиликтүү органдарга кабарлоого укуктуу деген жазуу турат. Бул жагынан Кемпир-Абаддагы жыйынды өткөрүү үчүн Өзгөн районунун администрациясына кат менен кайрылышкан. Ошон үчүн жыйынга жергиликтүү бийликтен аким, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү келип катышты. Тагыраагы, Кемпир-Абадда мамлекеттик органдар уруксат бергени үчүн жыйын болду. 

Ошон үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана шаардык соту атайын сунуштама берип, Биринчи май райондук сотунун тынч жыйынды өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарышы керек. Анткени, Биринчи май райондук сотунун чечими конституциянын да, адам укугу боюнча декларацияны да бузган чечим болуп калган. Мына ошол соттун чечимине таянып, укук коргоо органдары, 10-январда нааразычылык акциясына чыккандарды камакка алды. Алар бул аракети менен митингге чыккандардын абройлоруна шек келтиришти.  Тагыраагы, укук коргоо органдарынын мындай аракеттери бийликке көлөкө түшүрдү. Укук коргоо органдары, сот органдарында 30 жылдан бери жетиштүү реформа болбогону үчүн түрдүү аракеттери менен президенттерге көлөкө түшүрүп, эл аралык имиджине доо келтирип жатышат. Ошон үчүн адам укугун көзөмөлдөгөн эл аралык уюмдардын баары Кыргызстанда авторитардык режим орной баштады деп сындай башташты.  Бул жагынан Кыргызстан демократиялык аралча деген атыбызды жоготуп, авторитардык режим орногон мамлекеттер менен теңеле баштадык.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости