www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы аймактардан, кимдер министр болушту...

Дайыма көлдүктөр өкмөт мүчөсүнө 1-2 ден кишилерин кийире турган, алардын баштары катуу иштеп академик, «доктор наук» жакка ыктап кетишкен. Саясаттын «ышпалдасын» чыгаргандар кочкорлуктар эле: Талгарбеков Бекболот, Базарбаев Кудайберген, Жапаров Акылбек, Жекшенкулов Аликбек, Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абулгазиев, Ирсалиев Дүйшөн, Айтбаев Таштемир, Ирсалиев Медер, Жакыпова Чынара дегендер кээ бирөө азыр да иштеп жатса кээ бирөөнүн аттары унутулбай келет.
Азыркы өкмөттө болсо көлдүктөр каптап кирди. Таш ыргытсак көлдүктөрдүн түз эле башына тийет:
Касымалиев Адылбек Алешович
Кулубаев Жээнбек Молдоканович
Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович
Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич
Иманов Талантбек Орускулович

Бабанов деген саясатчы бар эле, балким өзү өкмөткө кирбесе да келишим менен жердештерин өкмөткө кийиргендир. Талас өзү кичинекей эле аймак. Ош облусунун Кара-Суу району менен калкы чамалаш, бирок өкмөттө 5 кишисин отургузуп койду:
Баетов Аяз Батыркулович
Жаманкулов Азамат Капарович
Бакетаев Алмаз Кушбекович
Ниязбеков Улан Омоканович
Бекмурзаев Доскул Джумагулович

Бир гана Кочкордон “мүйүздүүлөр” көп чыга турган, салыштырып көргөндө Нарындан туура эле:
Жапаров Акылбек Үсөнбекович
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич
Байсалов Эдил Жолдубаевич
Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич

Жалал-Абад чоң облустардын бири, бирок үч кишинин өкмөт мүчөсү болуп турушу зсеби туура эле болгондой:
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич
Төрөбаев Бакыт Эргешевич
Кутманова Динара Асиевна

Чүйдөн Ибраимов Султан, Дүйшеев Арстанбек, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев, Аскар Акаев, Алмазбек Атамбаев, Оторбаев Жоомарт, Сариев Темир, Апас Жумагулов, Феликс Кулов, Исабеков Азим сыяктуу президенттер менен өкмөт башчылары чыгышкан. Негизи Чүй өлкөнүн «мозговой центры» болуп келген. Чүй менен Бишкектен өкмөт мүчөлөрү азыраак болуп калган:
Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович
Амангелдиев Данияр Жолдошевич

Ош облусу Ош шаарын кошкондо Кыргызстандагы эң зор аймак болуп эсептелет. Ушунчалык чоң аймактан эки киши гана өкмөткө мүчө болуп киргени уят:
Осоев Эркинбек Арстанбекович
Ажикеев Бообек Эргешевич

Баткен облусунан эч ким өкмөткө мүчө болуп кирген эмес же министрдин ордун ээлеген жок. Баткенде жарым жыл ичинде 10 жолу куралдуу кагылышуу болгон. Баткенде 5 мектеп, 2 бала бакчасы жана ФАП бүткөн, дагы 2 мектеп бүткөнү турат. Бирок Баткенден эч ким министр болгон жок...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости