www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин оорусунан шек санады

Депутаттын айтымында, анын башка жерде жүргөнү тууралуу маалымат бар.

«Эмне үчүн ушундай орчундуу маселелерди талкуулоодо Соцфонддун төрагасы жок? Протоколдук буйрук берип, кайсы ооруканада экенин тактайлы. Кайда, эмне менен алек болуп жатканын угуп жатабыз. Аны чакырыш керек», - деди эл өкүлү.

Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Бактияр Алиев ден соолугуна байланыштуу өргүүдө экенин айтты.

«Эгер ал чындап эле оорубаса, мен өзүм ага каршы чара көрүү боюнча сунуш киргизем», - деп кошумчалады ал.

Парламентте “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости