www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын жабыркаган аймактарына дарыгерлер тобу түзүлүп жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен болгон жолугушууда билдирди, деп маалымдайт ведомствонун басма сөз борбору.
Гүлнара Баатырова Саламаттыкты сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүгө, даяр экенин белгиледи.
«Түркияда көп сандаган адам курмандыктарына алып келген табигый кырсыктын масштабы ар бирибиздин жүрөгүбүздү шок кылды. Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн дос түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтүшөт. Медициналык жардам керек болсо кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүлөт», - деди ал.
Эске салсак, Түркиянын түштүгүндө 6-февралда миллиондон ашык адам жашаган Газиантепке жакын жерде күчү 7,8 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгон. Сирияда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө ондогон жер титирөөлөр катталган. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги гуманитардык жардам чогултулганын билдирди. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды.
Булак:NazarNews.kg