www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Калашников автоматын сатууга аракет кылган адам кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милицияга белгисиз жарандын ок атуучу куралды сатып алууга кардар издеп жаткандыгы тууралуу оперативдүү маалымат түшкөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ал адам мурда эки жолу соттолгон 1976-жылы туулган Ош шаарынын И.Р. аттуу жашоочусу экендиги такталган. Милиция кызматкерлери кардар катары куралдын баасын сураганда 50 миӊ сомдон кем эмес баага баалаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында И.Р. 27-февралда саат 16:00 чамасында Ош шаарынын Н. Исанов көчөсүнө куралды сатуу үчүн алып келген учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалды.

45 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, мыйзамсыз курал-жаракты сактоо жана сатуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

"Алынган автомат АК-103 үлгүсүндөгү, 7,62 мм калибриндеги автоматтык ок атуучу курал болуп чыкты. Бул автомат адистердин айтуусуна караганда, акыркы үлгүдөгү автоматтык ок атуучу куралдардын бири болуп саналат", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости