www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Парламентке партиялар аркылуу татыктуу, эстүү, патриот адамдар көбүрөөк келет деп ойлойм», - деди бүгүн, 11-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Калдарбек Абдраманов.

- Калдарбек-ага, шайлоого партиялардын дагы деле көп катышканы партиялар таасири жоголбогондон кабар береби?                

- Шайлоо системасы толугу менен өзгөргөн жок. Тагыраагы, партиялык тизме калды. Жеке адамдар да кандидаттыгын коё алат. Бирок көпчүлүк орун партияларга берилгендиктен, партиялар да ат салышууда. Партиялар көп, бирок элге белгилүү, башкалардан айырмаланган программасы, туруктуулугу бекем, өз принциптери бар партиялар бирин-экин эле. Партиялар таасирин жоготпойт, ага шарт жок.

- Партиялык тизме менен кичи мекенинде колдоо таба албаган саясатчылар шайлоого аттанып жатабы же тескерисинче, колдоочусу көп саясатчылар аттандыбы?

- Менин байкашымча, партиялык тизмеде негизинен элге белгилүү колдоочулары көп инсандар кириптир. А тескерисинче, акчасы бар, авторитети эле эмес, башка да жөлөк-таягы бар адамдар бир мандаттуу округдардан чыгып жатат. Алар мурдагыдай эле эл менен алака түзүп, добуш алып өтүп кетебиз деген үмүт менен баратат.

Чындыгында ошондой эле деп ойлойм. Себеби шайлоо системасы бир аз өзгөргөнү менен, элдин максат мүдөөсү, жашоо шарты, менталитети көп өзгөргөн жоктой. Өткөн 30 жылда Кыргызстанда эл ичинде  өзгөчө шайлоо стереотиби калыптанды.

Акча берсе - ала бергиле, бирок добушуңду каалаганга бер деген А.Акаевдин түз маанидеги тилек-0ою ишке ашпай калды. Себеби ал ой акча алган адамдын психологиялык, моралдык жактан байланып калаарын эске албай айтылган адашуу эле.

Мына азыр да ошол акыбал кайталанаары бышык. Менимче, 36 бир мандаттуу чолкөмдөн 30у күч менен утуп чыгат, көпчүлүк мен элдик адаммын деп ишенгендер өтпөй артта калып калышабы деп кабатырмын.

Демек, тескерисинче, партиялар аркылуу татыктуу, эстүү, патриот адамдар көбүрөөк келет деп ойлойм. Бул жолу былтыркыдай партиялар акча таратууга барбайт болуш керек. Себеби бийликтегилер катуу көзөмөл болот деп жатат.

Мыйзам бузулса, партия шайлоодон четтетилет. Ошондуктан партиялар бул жолу мурдагыдай тобокелчиликке барышпаса керек. Демек, тизмесинде татыктууларды алып чыгууга аракет жасайтт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости