www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кашмирде Индиянын беш аскери окко учту

Нью-Дели көзөмөлдөгөн Кашмирдин аймагында жоочулар менен атышуудан индиялык беш аскер мерт болду. Бул тууралуу Индиянын армиясы 11-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя - аскерлер Суранкоте аймагында согушкерлерди издөө операциясын өткөрүп жаткан учурда болгон. Жоокерлер токойлуу жерде окко кабылган. Армия аларды атайын тик учма менен эвакуациялоого аргасыз болгон.

Өткөн аптада Индиянын аскерлери Кашмирдеги Сринагар шаарында текшерүүлөрдү күчөткөн. Буга аймактагы кол салуулардын күчөгөнү себеп болгон.

Индия менен Пакистан 1947-жылы Британиянын оторчулугунан бошогондон бери Кашмирди талашып келет. Кашмир Индияга кошулган, бирок кийин рефенрендум өткөрүш керек болсо дагы, референдум өткөргөн эмес. Кашмир боюнча эки тараптын ортосунда эки жолу согуш чыккан. Исламабадды "аймактагы согушкерлер тобун колдойт" деп Нью-Дели айыптаса, Пакистан мындай айыптоолорду четке кагып жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости