www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бүгүнкү курултай биз үчүн өзгөчө мааниге ээ жана салтанаттуу курултай болуууда. Себеби - биз “Улуттар биримдиги” партиясы менен 2011-жылдан бери кызматташып келе жатабыз жана мындан ары да бир багытта иш алып барабыз. Анткени ой-максат, программаларыбыз үндөш жана окшош.

Ошонун негизинде “Тартип жана намыс” деген коалиция түзүлүп, шайлоого бирге баратабыз. Анткени алдыдагы парламенттик шайлоо жөнөкөй эле шайлоо эмес, Кыргызстандын тагдырын чече турган шайлоо.

Бул шайлоо - мамлекеттин учурдагы жана анын жалпы келечегин сактап калууга болгон чоң сыноо. Эң бир кейиштүү маселелердин бири - коррупция. Ал жерде “ак жакалар” криминал менен чогуу иштеп кеткени маселе жаратууда. Ошондой эле акыл сезимдердин, руханий дүйнөбүздүн күндөн-күнгө тайыздап баратканы жана да диний фанатизмден да терс жагдайлар калыңдап барат.

Дагы бир нерсени кошумчалап кетким келет, күтүлүп жаткан шайлоодо ар кандай провокациялык аракеттер да жаралып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан биз андай аракеттерге жол бербешибиз керек жана баардык шайлоого катышып жаткан талапкерлерди мыйзам алдындагы темирдей тартипке чакырып кетээр элем. (А.Медетбековдун бүгүн, 11-октябрдагы, “Улуттар биримдиги элдик партиясынын” курултайында сүйлөгөн сөзүнөн)

Эске сала кетсек, Артур Медетбеков НДПК партиясынын негиздөөчүсү. Бүгүнкү аталган курултайда алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Улуттар биримдиги», НДПК, “Ар-Намыс” партиялары “Тартип жана намыс”аттуу бир коалицияга бириккенин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости