www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлери менен логистикалык компаниянын өкүлдөрү коррупциялык схема түзгөн деп шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирмеге караганда, кызмат адамдары жана логистикалык компаниялар ата-мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого жасалма тоскоолдуктарды жаратып келген. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында ишкерлер продукциясын үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн аларга ири суммада акча берүүгө мажбур болгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгында бул коррупциялык схеманы уюштургандар кармалып, сот тарабынан тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу боюнча бөгөт чарасы тандалды. Шектүү катары кимдер колго түшкөнү туурасында маалымат берилген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости