www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жөө жүрүшкө чыккандар талаш жерди эч бир документи жок басып алышкан. Бул тууралуу маалыматты NazarNews маалымат агенттигине Ош шаарындагы белгилүү жактоочу билдирди.

«Жөө жүрүшкө чыккандар талаш жерди эч бир документи жок басып алышкан. Ал боюнча бардык тиешелүү документтер, далилдер бар. Бул 12 үй-бүлө өздөрү эле басып алып кылмыш кылбастан, ишенчээк адамдарды алдап, ошол жерден жер тилкелерин сатып, акчасын өз ара бөлүп алып турган.

Бул факт боюнча жабырлануучулар арыз жазып, ар биринин үстүнөн үчтөн-төрттөн кылмыш иши козголгон. Ош облустук ИИМде эч бир чара көрүлбөстөн басылып жатат. Кылмышка шектүү бул адамдар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында эч бир тиешеси жок кызмат адамдарына жалгандан асылып, аларды айыптап жатат.

Мисалы, аталган талаш жерлер 1996-жылы азыркы үлүш ээлерине бөлүнүп берилген. Тилек Матраимов ал кезде аким болгон эмес  Ошол жылдардан бери ээлери максаттуу пайдаланып келген. Бул каралоону Матраимовдорго болгон шантаж десе болот.

Себеби, алар өздөрүнүн мурунку жактоочусу аркылуу жерди алып бербесе, ар кандай каралоолорго бараарын айттырышкан. Матраимовдордун эч кандай тиешеси болбогондуктан, талаптары ишке ашкан эмес. Ошондуктан, жалгандан каралоо болуп, шантаж дагы да уланууда», - деп билдирди жактоочу.

Эске сала кетсек, жөө жүрүшкө чыккан Үсөнов Таирдин 5 кылмыш иши бар. Жактоочуга кол салганы, бейбаштык боюнча, бийлик өкүлүнө кол салуу тууралуу, жер басып алуу боюнча, жер саткан алдамчылык боюнча, регион аралык кастыкты козутуу боюнча.

Арстанов Кыялдын 4 кылмыш иши бар, жактоочуга кол салганы, бейбаштык боюнча, жер басып алганы боюнча, бийлик өкүлүнө кол салуу боюнча, жер саткан алдамчылык боюнча. Чомоева Дилбардын 4 кылмыш иши бар, жер басып алуу боюнча 2 кылмыш иши, жактоочуга кол салуу бейбаштыгы боюнча, жер саткан алдамчылык боюнча.

Азыр баардыгы Ош облустук ИИМде каралбай басылып жатат. Бул адамдарга болушуп, тергөөчүлөргө чакырбагыла, карабагыла деген команда берген Абиль Алимкулов. Себеби - бир тергөөчү Ош ОИБинин замначальниги Абиль Алимкулов ал кишилерди чакырба деп команда берди деп айткан. Баса, «жөө күлүктөрдөн» жапа тарткан Элмира Аралиева менен Шайыргүл Ашыркулова президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Төмөнкү видеодон кайрылууну толугу менен көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости